Шантаж жана коркутуу: Кантта акча талап кылган жактоочу кармалды

Укук тартиби 20 Май 2026 15:05
WhatsApp Image 2026-05-20 at 14.17.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 14.17.08.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-20 at 14.17.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 14.17.08.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Кант шаарында опузалап акча талап кылган жеке жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 19-майда коррупциялык схемаларды жоюу иштеринин, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында С.Р.Т. аттуу жактоочу кармалган.

Тактап айтканда, С.Р.Т. коркутуу жана шантаж жолу менен А.М.М. дан ага карата берилген доо арыздарды кайтарып алуу үчүн ири өлчөмдө акча опузалаганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган С.Р.Т. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылууда.