Шанхайда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Экономика 434 29 Июль 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.28.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 17.56.28.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Кытайдын Шанхай шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи жана Кыргыз–Шанхай соода-экономикалык форуму өттү.

Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, Шанхайдагы өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп Байыш Айдаралиев дайындалды. Ал кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүүгө, инвестициялык долбоорлорду коштоого жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна чыгарууга көмөк көрсөтөт.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эркин экономикалык аймактары, ошондой эле соода, логистика, өнөр жай, энергетика, IT жана туризм тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өтүп, биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Өкүлчүлүктүн ачылышы менен Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, экспортту илгерилетүүгө жана өлкөгө инвестиция тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү белгиленди.