Шамшы-Туюк коругуна ак илбирстин санын аныктоо үчүн 27 сүрөткапкан орнотулду

Коом 22 сентябрь 2025 16:35
550194973_786321480687650_5494063194393274334_n.jpg
552990687_786321730687625_116212556947161415_n.jpg
550342491_786321567354308_2463546680083454665_n.jpg
550522047_786321407354324_3403118329497281254_n.jpg
551012024_786321734020958_2845567645341232233_n.jpg
552048908_786321620687636_5223594943634208372_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. 15-21-сентябрда Чүй районундагы Шамшы-Туюк коругуна ак илбирсти аныктоо үчүн 27 сүрөткапкан орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Сүрөткапкандар министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аңчысы жана егери Япониядан келген окумуштуулар менен биргеликте орнотту.

Сүрөткапкандарды орнотуунун негизги максаты коруктун аймагындагы ак илбирстин санын аныктоо жана алардын жашоо чөйрөсүн илимий негизде изилдөө болуп саналат.