Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй районунда жалпы кубаттуулугу 1,7 МВт болгон Шамшы ГЭСинин курулушу уланууда.
Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, негизги гидротехникалык курулуш бүгүнкү күндө толук бүткөрүлгөн. Тундургуч бассейндин курулушу 95%га бүткөрүлүп, авариялык суу агып чыгуучу канал боюнча иштер калган. Суу мунарасынын түтүгүн тартуу иштери 80%га бүттү. Машина залында иштин 30 проценти аяктады — дубалдар тургузулуп жатат. Айдоо каналы 85% бүттү.
10 кВ чыңалуудагы электр берүү линиясы толугу менен бүткөрүлдү. Объекттин коопсуздугун камсыздоо үчүн төрт видеокамера орнотулду. Чехиядан жеткирилген гидротурбина курулуш жеринде турат жана орнотууга даяр.
Курулуш иштерин ушул жылдын август айында аяктоо пландалууда. "Шамшы" ГЭСин ишке киргизүү 2025-жылдын сентябрь айына белгиленген.