Шаменов Кадамжайда ишке ашчу долбоорлор жана базарлардын абалы менен таанышты

Аймак 11 Октябрь 2025 12:00
514272507_1347750046718447_5941080831772058251_n.jpg
557639573_1347750210051764_2067108210650689587_n.jpg
557706241_1347750170051768_8883020135570733422_n.jpg
558249206_1347750313385087_8996933935388998379_n.jpg
558514739_1347750266718425_7300129487102453608_n.jpg
558734633_1347750320051753_2530653430474909592_n.jpg
558867138_1347749976718454_7703405817953163926_n.jpg
561185169_1347749460051839_8890550677029796374_n.jpg
561416005_1347750090051776_1845325443917903232_n.jpg
561793780_1347749536718498_8053904465858300165_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов жумушчу сапары менен Кадамжай районунда болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алгач район акими Болоткан Баяке уулу Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен райондо 2026-жылга пландалган долбоор менен тааныштырды.

Район жетекчилиги долбоордун максаты буга чейин курулушу башталып,бирок бүтпөй калган имаратты бүткөрүп, калкты тейлөөчү мамлекеттик органдарды жайгаштыруу менен элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу экенин белгиледи.

Андан соң Айбек Шаменов Кадамжай шаарындагы Металлург стадионун реконструкциялоо долбоору менен таанышты.

Андан соң Баяман баатыр жана Торговый базарларындагы абалды текшерди. Базардын санитардык абалы, иретке келтирүү аракеттери, жол коопсуздугу жана өрт коопсуздугу боюнча аткарылган иштерди карап чыкты.

Эске салсак, буга чейин облус башчысынын тапшырмасы менен базарларда мыйзамсыз курулуштар жана баш аламан соода жүргүзүү,санитардык абалы,коопсуздук маселеси боюнча атайын рейддер уюштурулуп,жетекчилерге тапшырмалар,базар ээлерине эскертүүлөр берилген.

Облус башчысы жетекчилерге жана базар ээлерине жарандардын коопсуздугу маанилүү экенин эскертип,жоопкерчиликтүү болууга чакырды.