Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 26 Март 2026 17:14
656467550_2044978699702717_6164213787431386357_n.jpg
2.jpg
655980588_2044977336369520_3877854696224479468_n.jpg
656507406_2044978749702712_1745400219889431965_n.jpg
656711320_2044977383036182_5094142621451274241_n.jpg
657168147_2044978646369389_7259939274152800875_n.jpg
657538346_2044978726369381_3271045606492850147_n.jpg
657562062_2044978676369386_2373866219456730501_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында 330 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жалпы 36 млн 900 миң сомдон ашуун каражат жумшалган. Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап талаптарга ылайык бардык керектүү шарттар түзүлдү.

Ачылыш аземине катышкан облус башчысы Тилек Текебаев мекеме балдардын интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнүн негизги баскычы экенин белгилеп, социалдык объекттерди куруу жана калыбына келтирүү - мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл акыркы жылдары Ноокен районунда аткарылып жаткан иштер, айрыкча билим берүү тармагындагы жетишкендиктер тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берди.