Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева менен бирге Шамалды-Сай шаарында тургундардын кайрылууларын жеринен карады.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда Шамалды-Сай менен Таш-Көмүр темир жол бекеттеринин ортосундагы коргоо тилкесинде жайгашкан 11 үй боюнча маселе көтөрүлдү. Коопсуздук талаптарына байланыштуу бул үйлөргө буга чейин документ берилген эмес. Тургундар курулуштарды мыйзамдаштырууга көмөк сурашты.
Ошондой эле темир жолдун коргоо тилкесине түшүп калган бала бакчанын курулушун коопсуздук үчүн башка жерге көчүрүү сунушталды.
Мындан тышкары, Аксы районунун Дейрес-Сай айылынын тургундары 15 чакырымдык кара шагыл жолду министрликтин балансына өткөрүп алып, асфальттап берүүнү өтүнүштү.
Көтөрүлгөн маселелер министрликтин көзөмөлүнө алынды.