Шайназаров: Бир дагы шайлоо тилкесинде мүчүлүштүктөр болгон жок

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon БШК

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров социалдык түйүндөрдө айрым шайлоо участокторунда АСУнун ишинде мүчүлүштүктөр болгон деген чындыкка дал келбеген маалыматтардын таралышына байланыштуу брифингде шайлоочуларга кайрылуу жасады.

"Мүчүлүштүк (сбой) — бул система таптакыр иштебей калган учурда колдонулуучу түшүнүк. Бизде мындай көрүнүш болгон жок. Жоопкерчилик менен билдирем: бир да шайлоо участокторунда мүчүлүштүктөр болгон жок", — деп баса белгиледи Шайназаров.

Ал бул бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жаткандыгын, дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө окшош аналогдор жок экендигин эске салды. Ошондуктан, айрым учурларда жаралган суроолор адамдык факторго байланыштуу болуп, ал оперативдүү түрдө жоюлат деп билдирди.

"Ар бир шайлоо тилкесинде, чет өлкөлөрдө да, АСУ, УИП, смарт-батареялар, модемдер жана башка техникалык каражаттар боюнча жетиштүү жабдыктар каралган", — деди БШКнын төрагасы.

Шайназаров АСУнун иши боюнча айрым учурларды түшүндүрүп жатып, шайлоочулар бюллетенди бүктөп койгону үчүн аппарат аны кабыл албай калганын мисал келтирди. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып шайлоочуларды бюллетенди бүктөбөөгө чакырды, анткени АСУ бюллетендеги маалыматтарды, талапкерлердин аты-жөнүн так жана туура окушу керек. Бюллетень бүктөлбөгөн болушу зарыл, урнага бюллетендин бетин каратып салынышы керек.

БШКнын төрагасы шайлоочуларды добуш берүү тартибин сактоого, АСУ шайлоо техникасын туура пайдаланып, өз тандоосун жасоого чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.