Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жаңы курамында бир жыныстагы 60тан ашпаган депутат болот. Мындай норма күчүнө кирген “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзамда каралган.
Бул норма кандай ишке ашары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
"Биздин өлкөдө шайлоочулардын 52 пайызын аялдар түзөт. Ошондуктан аялдардын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө катышуусун камсыз кылуу максатында депутаттар 30дан кем эмес мандатты бир жыныстагы адамдар алышы керек деген норманы киргизишти. Булар аялдар да, эркектер да болушу мүмкүн. Мисалы, район боюнча эң көп добушту үч эркек алса, анда бул мыйзамга ылайык биринчи эки эркек депутат болуп шайланат, ал эми үчүнчү мандат аял талапкерлердин ичинен эң көп добуш алган аялга берилет. Ал аялга бир шайлоочу добуш берсе да, ал депутат болот”, - деп түшүндүрдү Шайназаров.
Бул норма эркектер үчүн да иштейт, эгер округдагы биринчи үч орунду аялдар гана алган учурда.
Ошондой эле округда катталган талапкерлер бир гана жыныста болсо, анда шайлоо өтпөйт.
"Мен албетте, мындай болушу мүмкүн экенин айтат элем. Бирок мындай боло турган болсо, башка жыныстагы талапкер чыкмайынча шайлоо болбойт. Бирок мен 300 миңдей калкы бар жана 140 миң шайлоочусу бар райондо жок дегенде бир аял талапкер болбойт деп элестете албайм", - деп белгиледи БШК төрагасы.
Мындан тышкары, Шайназаров маалымдагандай, эгерде аял депутат Жогорку Кеңештен чыкса, анын ордун шайлоонун жыйынтыгы боюнча тизмедеги кийинки орунда турган жана тиешелүү округдан эң көп добуш алган аял талапкер гана ээлей аларын билдирди.