Шайлоонун адилеттүү өтүшүнө шарттар түзүлдү, калганы элден көз каранды – Жекшенкулов

Пикир Загрузка... 01 Октябрь 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-10-01 at 17.04.23 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.01.25 /Кабар/. Шайлоонун адилеттүү өтүшүнө шарттар түзүлдү, калганы элден көз каранды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мурдагы тышкы иштер министри, саясатчы Аликбек Жекшенкулов президенттин парламенттик шайлоо тууралуу кайрылуусу боюнча берген комментарийинде билдирди.

Ал өлкө башчысынын бул кайрылуусу абдан маанилүү болгонун белгилеп, “Кыргызстандабы же башка мамлекетте болобу парламенттик шайлоо жалпы саясий, экономикалык жана коомдук абалга таасирин тийгизет. Мындан улам, өлкө башчысы Кыргызстанда 30 жылдын ичинде болуп өткөн жалпы шайлоолорду иликтеп, аларга саясий баа берүү менен өзүнүн жеке пикирин билдирди.

Негизинен ал шайлоо системасына зыянын келтирбеген, элди адаштырбаган, жерибизге тынчтык, мамлекетке өнүгүү, жалпы моралдык-психологиялык жактан туруктуулук алып келген абал түзүлсүн деген таризде элге кайрылды. Ошондой эле абалды бардык жагынан талдап, кемчиликтерин, ийгиликтерин кошо айтып, шайлоо жакшы маанайда, тынчтыкты, мыйзамдуулукту сактоо менен өтүп, элибизге татыктуу, билимдүү, эл үчүн күйгөн эл өкүлдөрү келсин деген мааниде билдирүү жасады”,-деди ал.

Саясатчынын айтымында шайлоо системасынын санариптештирилиши дүйнөлүк тажрыйба болуп саналат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү, элдин жалпы категориясын камтып, шайлоону таза өткөрүү үчүн ушул ыкманы колдонушууда.

“Андан сырткары, шайлоо участкасына барууга убактысы же шарты жок жарандар үчүн каалаган жерде туруп добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Бул дагы өтө маанилүү кадам болуп, шайлоочулардын санын көбөйтүүгө шарттарды түзөт.

Ошондой эле бүгүнкү күндө президент өзү баш болуп, бийлик өз аракеттерин жасап шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, адам ресурсун аралаштырбай, шайлоонун адилеттүү жана калыс өтүшүнө аракеттерди жумшап жатышат.

Бирок, шайлоонун адилеттүү өтүшү эки тараптан көз каранды десек болот.

Бир тарабынан өлкө бийлиги шарттарды, техникалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мыйзамга өзгөртүү киргизип жатса, экинчи тарабын – жарандардын аң-сезиминен, саясий көз карашынан, тандоосунан жана шайлоого кылган мамилесинен көз каранды.

Буга байланыштуу өлкө башчысы дагы сатылбагыла, өз адамдарыңарга, жердештериңерге тартпагыла деген сыяктуу эскертүүлөрдү берди. Парламент жалпы мамлекеттин аброюн, элдин маанайын, саясий абалды жана мыйзамдуулукту тастыктаган мамлекеттик орган болуп саналат. Андыктан, шайлоого активдүү катышып, туура добуш аркылуу татыктуу адамдарды тандап алалы”,-деп кошумчалады Жекшенкулов.