Шайлоонун ачык-айкындыгы: БШКда эл аралык байкоочулар менен жолугушуу өттү

Шайлоо 28 Ноябрь 2025 18:40
587542462_1260674896102500_1801396842466370503_n.jpg
588321025_1260674929435830_5294075035522338786_n.jpg
588470392_1260674699435853_5577492451318838633_n.jpg
588519097_1260674846102505_6866276716825754249_n.jpg
589430862_1260674719435851_1933672453118226380_n.jpg
589928329_1260674619435861_567081819400497916_n.jpg
590418094_1260674536102536_4586366239166432831_n.jpg
591673949_1260674779435845_8228257700657952783_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon БШК

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын Байкоочу миссиясынын башчысы, башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолукту.

БШКдан билдиришкендей, Игорь Петришенко КМШ миссиясынан 241 узак жана кыска мөөнөттүү байкоочу аккредитациядан өткөнүн билдирди. Мезгил аралык даярдалган баяндама сунушталды, ал эми миссиянын жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны 2025-жылдын 1-декабрында өтөрү пландалууда.

Миссиянын ишинин алкагында башка эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушуулар да каралган, делегация борбордогу жана региондордогу шайлоо участокторуна барышат.

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.

"Биз 29-ноябрда өтө турган имараттан тышкаркы добуш берүүгө, ошондой эле 30-ноябрдагы негизги добуш берүү күнүнө даярбыз. Шайлоо участокторунда эл аралык байкоочулардын болушуна кубанычтабыз. Алардын катышуусу жарандардын ишенимин бекемдөөгө, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт", - деп баса белгиледи Шайназаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген.