Шайлоону таза өткөрүүгө бардык ыкмалар колдонулду - Артур Медетбеков

Шайлоо Загрузка... 01 Декабрь 2025 09:15
whatsapp_image_2024-10-17_at_15_17_07.730x0.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25. / Кабар/. Бул шайлоону таза өткөрүүгө бардык ыкмалар колдонулду. Бул тууралуу коопсуздук маселелери боюнча талдоочу Артур Медетбеков "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул шайлоо өзгөчө шайлоо болуп жатат. Жаңы автоматташтырылган аппарат колдонулууда. Буга чейинки шайлоолорго жолтоо болгон көрүнүштөр жоюлуп, бюллетень дароо шайлоочунун колуна чыгарылып берилип жатат.

"Жаранды таануу, документ текшерүү системасы жакшы иштерин көрсөтүүдө. Бул дагы бир өзгөчөлүгү. Бул жолку шайлоону таза өткөрүүгө бардык ыкмалар колдонулду. Бирок тилекке каршы, үйрөнгөн адат калабы дегендей, добуш сатып алууга умтулгандар, дагы башка ыкмаларды колдонуп жаткан талапкерлер кездешүүдо. Экинчиден, БШКнын билдирүүсүндө 200дөн ашык шайлоо эрежелерин бузуу учурлары катталганы айтылды. Аларга айып пул же эскертүү берилип калганы дагы да болсо башка талапкерлерге кооптонууну жаратып койду. Негизинен мурдагы шайлоого караганда бул шайлоодо унаа менен элди ташыбай, урнага бюллетендер ташталбай, жогорку деңгээлде, тазараак өттү десек болот. Канткен менен мамлекетибизде таза шайлоо өткөргөнгө умтулуу бар.

Бүгүнкү күндө жарандар шайлоого активдүү катышып, келе турган депутаттардын Кыргызстанга мыйзам чыгарып, аткаруу бийлигине кандай талаптарды кое алары, өлкө тагдыры, өсүп-өнүгүшү шайлоочулардан көз каранды.

Эң башкысы стабилдүүлүк, тынчтык жана коопсуздукка маани бере турган жагдайдын жаралышы маанилүү", - деп белгиледи ал.