Шайлоого катышууну каалагандардын саны 200дөн ашты

Шайлоо 14 октябрь 2025 10:18
Шайлоого катышууну каалагандардын саны 200дөн ашты
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

БШК маалымдагандай, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. 10-ноябрда шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери башталат.