Шайлоого катышууга камынып, арыз тапшыргандардын саны 531ди түздү

Шайлоо Загрузка... 29 Октябрь 2025 10:51
WhatsApp Image 2025-10-08 at 08.43.50.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. 28-октябрга карата 531 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды.

Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу эртең, 30-октябрда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.