Шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, арыз бергендердин саны 13кө жетти

Шайлоо Загрузка... 03 Октябрь 2025 14:45
WhatsApp Image 2025-10-03 at 08.14.38.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, арыз бергендердин саны он үчкө жетти. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтындагы жаңыланып турган маалыматтан көрүүгө болот.

Ушул сааттарга карата талапкерлигин өзүн-өзү кѳрсѳтүп, Элвира Сурабалдиева, Ахмеджан Мамадумаров, Азамат Абсатаров, Мураталы Керимбаев, Асел Набиева, Улукбек Карыбек уулу, Болот Ибрагимов, Эмилбек Абдыкадыров, Дастан Бекешев, Таалайбек Жаилов, Айгүл Айдарова, Адылбек Капалов жана Алымкадыр Бейшеналиев арыз тапшырган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат.

Шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат. Саясий өнөктүк 30-ноябрда ѳтѳт.