Шайлоого катышуу үчүн 343 талапкер БШКга арыз берди

Шайлоо Загрузка... 20 Октябрь 2025 09:00
WhatsApp Image 2025-10-20 at 08.45.03.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. 19-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 343кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.