Шайлоого катышуу - ар бир жарандын милдети жана жоопкерчилиги

Шайлоо Загрузка... 06 Ноябрь 2025 16:55
WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (6).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого саналуу гана күндөр калды. Өз округунан талапкерлигин коюп, Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн ат салышууга камынгандар арбын. Ал эми жарандар шайлоо күнү өз добушун берүүгө укуктуу жана алардын добушу маанилүү.

WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (1)

30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Саясий өнөктүктү утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси түзүлдү. Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн жалпысынан 100 шайлоо тилкеси түзүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахадыр Коңуров “Кабар” агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-11-06 at 13.35.24

Анын айтымында, талапкерлерди каттоо 10-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Жалпы жонунан 589 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз тапшырган. Бүгүнкү күндө 369 талапкер катталды.

“369 талапкердин ичинен 210 – эркек, 159 – аял. Ошондой эле парламенттик шайлоого катышуудан 55 жаран баш тартты. Ал эми БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 14 жаранды талапкер кылып каттоодон баш тартты”, - деди ал.

Ошондой эле Бахадыр Коңуров белгилегендей, эми каттоо иштери бүткөндөн соң Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Анда талапкерлердин шайлоо бюллетендеги катар номерлери, үгүт маалында дебаттарга катышуулары аныкталат.

WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (3)

Шайлоону утурлай алдын ала тизмеге 4 млн 287 миң 222 шайлоочу кирген. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 4 млн 295 миңди түздү.

“Күн сайын шайлоочулардын тизмеси жаңыланууда. Анткени шайлоого катышууга жашы жеткендер да кошулуп турат. Ар бир шайлоо тилкесинде тизмелер илинген. Айта кетсем, шайлоочулардын тизмеси үч жолу илинет - алдын ала, тактоочу жана акыркы тизме. 25-ноябрь күнү шайлоо тилкелерине акыркы тизме илинет. Шайлоочулар тилкелерге келип, өзүн тизмеден тактаса болот, ошондой эле tizme.gov.kg порталынан шайлоо тилкесин, өзүн тизмеден тактаса болот. Мындан тышкары 119 кыска номерине чалып, паспорттогу идентификациялык жеке номерин жиберип да тактоого мүмкүнчүлүгү бар”, - деп айтты ал.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 09.49.13

Баш мыйзамга ылайык, өлкөдө ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Деген менен шайлоочулардын шайлоого катышуусу төмөн пайызды көрсөтүп келет.

Бийлик шайлоодо жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында бардык аракеттерди жасап жатат. Алардын бири – шайлоочулардын аралыктан добуш берүүсү. Буга чейин жарандар аралыктан добуш берүү үчүн каттоого туруп, арыз жазуусу талап кылынчу. Бул шайлоодо өзүн тастыктоочу документи - паспорту менен өлкөдө болобу, чет жакта болобу жакынкы шайлоого тилкесине барып, каалаган бир талапкерге добуш бере алат.

WhatsApp Image 2025-10-02 at 13.13.12 (5)

БШКнын төрагасынын орун басары шайлоого саналуу күн калганын айтып, кыргызстандыктарды жарандык парзын аткарып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

“Шайлоого катышуу – ар бир жарандын милдети жана жоопкерчилиги. Шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште мыйзамдарды кабыл алат, бюджетти бекитет. Ошондуктан ар бир добуш маанилүү. Ошол үчүн кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырабыз, тандаган талапкериңерге добушуңарды бериңиздер”, - деп белгиледи ал.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жарандардын шайлоого катышуусу жеңилдетилди. Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутовдун айтымында, шайлоочулар эл өкүлүн шайлоодо добушу чечүүчү мааниге ээ экенин түшүнүп, шайлоого катышуусу зарыл.

2895363.77c49e.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Мамлекет тарабынан шайлоочулардын катышуусуна шарттар түзүлүп жатат. Мисалы, бир жаран Бишкек шаарында каттоодо турса, Ошко же Баткенге жумуштары менен барып калса, ошол жерден добуш берсе болот. Ошол эле маалда чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси түзүлдү. Эми алдын ала эч кандай документтерди толтурбай эле окуп, иштеп же жумуштап жүргөн кыргызстандыктар бул мүмкүнчүлүгүн колдонуп, добуш бере алат. Баса белгилеп айта кетишибиз керек, буга чейин жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөндө шайлоого катышкандардын саны 35 пайызга чейин болуптур. Ошол үчүн шайлоого катышууну жогорулатуу керек. Президент Садыр Жапаров да шайлоо укугубузду колдонуп, татыктуу талапкерлерди шайлайлы деп белгиледи. Ошондуктан өзүбүз шайлоо укугубузду колдонуп, шайлоого катышыбыз керек. Ар бир добуш чечүүчү добуш болорун, тандаган талапкер парламентке эл өкүлү болуп, маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышарын унутпашыбыз керек”, - деп эсептейт Ялкун Даутов.