Шайлоого элдин келишинин көбөйгөнү, бийликтин жүргүзгөн саясатын колдогонун билдирет - Курманов

Пикир Загрузка... 30 Ноябрь 2025 19:04
dst_90823-696x530.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. / Кабар/. Мурдагы шайлоолорго караганда добуш берүүгө эл бүгүн көп келгени байкалды. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер, саясат таануучу Зайнидин Курманов “Кабар” агенттигине билдирди.

Зайнидин Курмановдун айтымында, саат төрттөрдө ал добуш берген шайлоо тилкесинде адамдардын кезеги пайда болгон.

“Кезектин пайда болушу бул жакшы көрүнүш. Анткени бул элдин бийликтин шайлоо реформасын, добуштар сатып алынбасын деп жүргүзгөн коррупцияга каршы саясатын колдоп жатканын билдирет. Эми элдин ишенимин жоготпош керек. Канча эскерткенге карабай, дагы деле добуш сатып алуу учурлары катталып, кылмыш иштери козголгону айтылды. Мындан ары алдыда шайлоо мыйзамдарын бузгандарга көрүлчү чараларды дагы катаалдаштырыш керек деп эсептейм. Эми башка шайлоолорго чейин ойго келбей тургандай кылып, мыйзамдарды өзгөртүш керек. Айып пул, эскертүү менен эмес, жазаны күчөтүү зарыл”, - деди ал.

Саясат таануучу белгилегендей, шайлоолордо бюллетендерди топ-топ кылып ыргытуу өңдүү мыйзам бузуулар азыр жок. Шайлоо тилкесинин ичинде коррупциялык көрүнүштөргө азыр жол берилбей калды. Буга автоматташтырылган система жардам берди десек болот.

"Эми добушту сатпаганга эл так кесе туруп, мыйзамдын чегинде гана шайлоо өткөрүүгө көнүш керек. Мыйзамды сактаганда гана Жогорку Кеңештин сапаты өсөт", - дейт Курманов.