Шайлоого даярдык көрүүдө эл аралык уюмдардын сунуш-пикирлери эске алынды – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 01 Декабрь 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү маалында эл аралык өнөктөштөрдүн, өзгөчө Парламенттик ассамблеялардын жана абройлуу эл аралык уюмдардын сунуш-пикирлери эске алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолукканда билдирди.

Анда президент белгилегендей, буга чейин Кыргызстанда шайлоо процессинин адилетсиз жана ачык-айкын болбогондугунан улам, үч ирет төңкөрүш болгон. Анткени кыргыз коомчулугу добуш берүүнүн чынчылдыгына өтө сезимтал мамиле кылат.

“Демократия – бул сынга алуу жана атаандашууга болгон укук гана эмес, ошондой эле эрежелерди так сактоо жана элдин акыркы тандоосуна урмат көрсөтүү милдетин да камтыйт. Кыргыз Республикасы демократияны, мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктары менен эркиндиктерине урмат көрсөтүүнү аң-сезимдүү түрдө тандап алган. Акыркы жылдары биз шайлоо мыйзамдарын жана анын колдонулушу боюнча тажрыйбаны өркүндөтүү багытында олуттуу иштерди жүргүздүк. Учурдагы шайлоолорду өткөрүүгө даярдык көрүү маалында эл аралык өнөктөштөрүбүздүн, өзгөчө Парламенттик ассамблеялардын жана абройлуу эл аралык уюмдардын сунуш-пикирлери эске алынды”, - деди өлкө башчысы.