Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо техникалык жактан киргизилген жаңычылдыкты жогору бааладык. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жолугушуусунда КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Дмитрий Кобицкий билдирди.
Анын айтымында, КМШ миссиясынын 71 эл аралык байкоочусу Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого көз салды. Алар КМШ өлкөлөрүндө, Франция, Корея жана башка мамлекеттерде ачылган шайлоо тилкелеринде болушту.
“Бардык шайлоо тилкелери жакшы даярдалыптыр. Шайлоочуларга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн байкадык. Жарандардын шайлоо укугун камсыздоо максатында аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү болгонун баса белгилеп кетким келет. Добуш берүүгө келгендердин кезеги пайда болгон жок. Бюллетень мурдагыдай алдын-ала чыгарылып даярдалбастан, шайлоочу каттоодон өтөрү менен 30 секунда ичинде жеринде дароо чыгарылып берип жатты. Мындай техникалык жактан киргизилген жаңычылдыкты көрүп, ишти жогору бааладык. Мониторингдин жыйынтыгын чыгарган баяндамабызда биз байкоочуларыбыз менен шайлоодогу ушул өзгөчөлүктөрдү белгиледик”, - деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочу көз салды. Алар бүгүн президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, шайлоо процессиндеги өзгөчөлүктөр боюнча ойлорун айтышып, сунуш-пикирлери менен бөлүштү.