Шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты

Шайлоо Загрузка... 15 Октябрь 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-10-14 at 08.06.47.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 14-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 257ге жетти.

БШК белгилегендей, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда ѳтѳт. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.