Шайлоодо админресурс колдонулган жок - БШК төрагасы

Шайлоо Загрузка... 02 Декабрь 2025 22:28
WhatsApp Image 2025-11-30 at 13.57.33.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Шайлоодо кайсы бир талапкерди сүрөп же кайсы бир талапкерге бут тосуп, админресурс колдонулган жок. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутаттарды шайлоо ачык-айкын жана мыйзамдын негизинде уюштурулду.

"Мамлекет кайсы бир талапкерди сүрөп же кайсы бир талапкерге бут тосуп административдик ресурсту колдонгон жок. Тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралашпоону талап кылды. Кыргызстанда алгачкы ирет жаңы система — аралыктан (алыстан) добуш берүү колдонулду. Мындай шартты түзүү менен ар бир шайлоочунун катышуусуна кам көрүлдү.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктап, 20:01дө болжолдуу жыйынтыктар жарыяланып баштады.

Анын баарын түз эфирде, ачык-айкын сиздер менен биргеликте көзөмөлдөп турдук", - деди ал.