Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Борбордук шайлоо комиссиясы менен көп жылдан бери иштешип келет. Бул жылы мекеме техникалык оператор катары расмий түрдө катталды, - деди мекеменин директорунун орун басары Нурлан Айдиев.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатканына байланыштуу жакында мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтөт.
"Учурда БШК менен биргеликте активдүү түрдө даярдык иштери көрүлүүдө. Бул шайлоонун айырмачылыгы жарандар мурдагыдай ар бир шайлоо тилкесине барып отурушпайт. Мисалы, шайлоочу Ош шаарында катталса, бирок шайлоо күнү Бишкекте болуп калса, жакын жердеги каалаган шайлоо тилкесине кирип, добуш бере алат. Шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, шайлоого катышкандардын санын көбөйтүү бул биздин негизги милдетибиз", - деди ал.
Нурлан Айдиев коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул багытта УКМКга караштуу киберборбор менен биргеликте иш алып барылып, туруктуу аудиттер өткөрүлүп жатканын кошумчалады. "Биздин маалымат системаларыбыз ишенимдүү корголот", - деп баса белгиледи ал.
Ошондой эле Айдиев программа жогорку жүктөмгө даяр экенин билдирди. "Колдонуучулардын саны көп болгон күндө да көйгөй жаралбайт. Учурда активдүү тестирлөөлөр өткөрүлүп жатат, анын ичинде чет өлкөдөгү жарандарыбыздын катышуусу менен да сыноолор жүрүүдө. Бир да олуттуу көйгөй катталган жок. Биз ошондой эле жүктөмдүк тесттерди өткөрдүк, алар системанын үзгүлтүксүз ишин көрсөттү", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.