Шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

Шайлоо 30 Октябрь 2025 14:55
574500255_1146233687695682_6373276466039306164_n.jpg
573406307_1146234054362312_3777823863294681802_n.jpg
573099315_1146234034362314_4186915691781296383_n.jpg
572782142_1146233911028993_839315259695492071_n.jpg
572538022_1146233704362347_6202684459801590352_n.jpg
572507184_1146233764362341_2737667176902935789_n.jpg
572403955_1146233714362346_8674779199573919310_n.jpg
572384751_1146233691029015_6032876265473573793_n.jpg
571427209_1146233694362348_5064994630642381663_n.jpg
571292676_1146233881028996_8654717083906355652_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык жыйын өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жыйын Башкы прокуратуранын демилгеси башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатовдун жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Жыйынга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Улуттук
коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын башчысы, Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар шайлоону даярдоо жана өткөрүү багытында тиешелүү
мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат
беришти.

Жыйында шайлоо процессинин бардык баскычтарында мыйзамдуулукту камсыз кылуу, ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтордун өз ара ишин натыйжалуу уюштуруу, шайлоо мыйзамдарынын жана тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарын катуу сактоо маселелери талкууланды.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Маатов шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттерди, ошондой эле КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган иштерди жогорку деңгээлде алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.