Шайлоо тилкесинен тышкары мыйзам бузууларды укук коргоо органдары карайт - Шайназаров — Кабар

Шайлоо тилкесинен тышкары мыйзам бузууларды укук коргоо органдары карайт - Шайназаров

Шайлоо 5 декабрь 2025 18:25
Шайлоо тилкесинен тышкары мыйзам бузууларды укук коргоо органдары карайт -  Шайназаров
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Шайлоо тилкесинен тышкары мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдары кароого милдеттүү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тилкелеринен сыртында жасалган добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча БШКнын жумушчу тобу иштебейт.

“Себеби бул кылмыш. Ал эми кылмышка юридикалык баа берилиши шарт. Юридикалык бааны укук коргоо органдары бериши керек”,-деди ал.