Шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүүгө 9364 жаран катышты

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 11:42
WhatsApp Image 2025-11-30 at 11.33.11.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Күн мурун өткөн шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүүгө 9364 жаран катышып, шартына байланыштуу арыз бергендердин 90,6%ын түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, өлкөнүн 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 335 арыз келип түшкөн.

Добуш берген 9318 шайлоочулардын ичинен:

– курагы боюнча – 3 323 арыз;

– майыптыгы боюнча – 1 933 арыз;

– ден соолугунун абалы боюнча – 3 591 арыз;

– айрым категориялардагы шайлоочулардан – 517арыз.

Белгилей кетсек, бул мүмкүнчүлүк төмөндөгү жарандар үчүн уюштурулган:

– Ден соолугу же майыптыгы боюнча шайлоо участогуна келе албагандар.

– Ооруканаларда жаткан шайлоочулар.

– Шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда кармалгандар.

– Алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашагандар.

– Аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөндөр.

– Ички иштер органдарынын кызматкерлери (шайлоо күнү кызматта болгондор).

– Жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар (мисалы: фабрика, завод, энергия өндүрүшү ж.б.).

– Вахта ыкмасы менен иштегендер.

– Үй камагында турган референдумдун катышуучулары.

– Добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жерлерде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери.