Шайлоо: Саат 10:00 карата шайлоочулардын 3,89 пайызы добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon БШК

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жана өлкөдөн тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнчаса, саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3,89 пайызы, же 167 миң 72 адам добуш берди.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округдан 460 талапкер ат салышууда, анын 271и эркектер, 189у аялдар.

Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.