Шайлоо кампаниясы башталган күндөн тарта БШКга 261 билдирүү келип түшкөн - Шайназаров

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 19:30
WhatsApp Image 2025-11-30 at 18.06.50 (5).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. “Шайлоо кампаниясы башталган күндөн азыркы саатка чейин БШКга 261 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, үгүт эрежелерин бузуу жөнүндө 124, талапкерлердин ар-намысына шек келтирген маалыматтарды таратуу боюнча 37, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 8, шайлоочулардын добушун сатып алуу жөнүндө 42 жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө 51 билдирүү келип түшкөн.

"Өзүңүздөр байкап жаткандай бүгүн, 30-ноябрда жарандардан шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кайрылуулар көп түшүүдө. Буга укук коргоо органдары тиешелүү чараларды жүргүзүп жатышат. Мыйзамдын талабына ылайык, бүгүн жана эртең ушул келип түшкөн, кайрылуу жана фактылар боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баа берилип, чечим кабыл алынат.

Ошондой эле прокуратура тарабынан ал чечимдердин мыйзамдуулугу текшерилип чыгат”,-деди Шайназаров.