Шайлоо. Эл аралык байкоочулардын саны 770ке жетти

Шайлоо Загрузка... 25 Ноябрь 2025 08:55
588728744_1257655356404454_8345214782504634866_n.jpg
copyright icon БШК

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 393 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

Ведомстводон билдиришкендей, катталган эл аралык байкоочулардын арасында төмөндөгү уюмдардын өкүлдөрү бар:

  • Филиппиндин Шайлоолор боюнча комиссиясынын;
  • КМШнын Байкоочулар миссиясынын;
  • Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;
  • Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын;
  • ШКУ жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун;
  • Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү.

Ошону менен бүгүнкү күнгө карата 30-ноябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 770 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.