Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу чет мамлекеттердин аймагында туруктуу же убактылуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлөрдө жашаган жана активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргызстандын жарандары өлкө аймагынан тышкары ачыла турган каалаган шайлоо тилкесинде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
"КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамына ылайык, өлкө аймагынан тышкары добуш берүүгө шарт түзгөн онлайн-идентификация ыкмасы киргизилди. Бул ыкма аркылуу жарандар Кыргызстандагы туруктуу катталган жерине кайтып келбей туруп, чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат.
Добуш берүүгө Кыргызстандын аймагында жашаган жери боюнча катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.
Добуш берүү маалында шайлоочуга анын катталган аймагындагы шайлоо округунун бюллетени берилерин маалымдайбыз. Ошол эле учурда шайлоочу бир гана талапкер үчүн же "Баарына каршы" деген позиция үчүн добуш бере алат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын алдын ала тизмесин "Тизме" аталышындагы мамлекеттик порталга (https://tizme.gov.kg) жарыялады. Жаран өзүнүн тизмеде бар же жогун 2025-жылдын 19-ноябрына чейин төмөнкү жолдор менен тактай алат:
- "tizme.gov.kg" сайты аркылуу;
- эгер сиз Кыргызстанда болсоңуз 1255 же 119 кыска номерлерине чалып.
Эгер маалыматтарда ката же так эместиктер аныкталса, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин белгиленген тартипте авторизациядан өтүп, https://tizme.gov.kg сайтындагы "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук түрдө арыз бере алат.
Министрлик чет өлкөдө жүргөн жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүүгө жана зарыл болгон учурда шайлоо укугунан пайдалануу үчүн өз убагында түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырат.