Шайлоо. БШК төрагасы блогерлерди так маалымат таратууга чакырды

Шайлоо 15 Октябрь 2025 17:43
560461261_1223437539826236_8770676927231668807_n.jpg
561457842_1223437626492894_6360733236300984155_n.jpg
561802357_1223437673159556_5875195431440501414_n.jpg
561846602_1223437526492904_1965353300015963594_n.jpg
561940334_1223437603159563_4204814325572681226_n.jpg
561955824_1223437686492888_5940875891196778013_n.jpg
563991375_1223437596492897_2592279430552469588_n.jpg
564618464_1223437716492885_4859422887235032742_n.jpg
565340895_1223437646492892_7971407040011132906_n.jpg
560041401_1223437559826234_4966536751621521454_n.jpg
560265428_1223437569826233_5603344099942886120_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon БШК

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн өлкөнүн блогерлер коомчулугунун активдүү өкүлдөрү менен жолугушту.

Боршайкомдон билдиришкендей, жолугушуу ачык диалог форматында өттү.

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров алдыдагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо мыйзамдарына ылайык алгач ирет аралыктан (дистанциялык) добуш берүү ыкмасы колдонуларын белгиледи.

Ошондой эле "бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш" принцибинин маанилүүлүгүнө токтолду. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларын уюштуруу жана шайлоочуларды жаңы шайлоо жабдууларынын иши менен тааныштыруу максатында өткөрүлүп жаткан тесттик добуш берүү маселелери тууралуу да айтып берди.

Шайлоо процессин маалыматтык жактан колдоо тууралуу маселеге өзүнчө көңүл бурулду.

Ушуга байланыштуу Тынчтык Шайназаров блогерлердин кеңири аудиториясы бар экендигин баса белгилеп, алардын калк арасында так жана ишенимдүү маалыматты жайылтууда мүмкүнчүлүктөрү маанилүү ролго ээ экенин айтты. Ал медиа коомчулук менен ачык кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда блогерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланышкан эрежелер, мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө коюлган чектөөлөр, шайлоо бюллетендеринин өзгөчөлүктөрү жана чүчүкулак өткөрүү тартиби боюнча бир катар актуалдуу суроолорду беришти.

Бул суроолорго жооп катары мыйзамдын нормалары жана үгүт жүргүзүү учурунда талапкерлер менен кызматташуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2025-жылдын 10-ноябрында расмий түрдө башталаары эске салынып, ага чейин шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлерге мөөнөтүнөн мурда үгүттөөгө тыюу салынаары айтылды.

Жолугушуунун аягында катышуучулар шайлоо жабдууларынын иштөөсү менен таанышып, тесттик режимде добуш берип көрүштү.

Жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров жолугушууга катышкан блогерлерге кайдыгер калбай, жигердүү жарандык позицияда болгондору үчүн ыраазычылык билдирип, БШК шайлоочуларды маалымдоо жана алдыдагы парламенттик шайлоонун жаңылыктарын түшүндүрүү боюнча конструктивдүү кызматташууга ишеним артарын белгиледи.

Жолугушууга өлкөнүн блогерлер коомчулугунан болжол менен 20дай өкүл катышты.