Бишкек, 1.12.25 /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады. Автоматтык саноочу урна (АСУ) алгачкы жыйынтыктарды чыгарды.
Ага ылайык, БШКнын сайтында АСУнун эсеби боюнча катышуу - 36,89% деп эсептелинүүдө. Атап айтканда, 1 млн 584 миң 243 добуш берүүчү деп көрсөтүлүүдө. Ал эми шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу катталган.
Алдыда БШК алгачкы жыйынтыктарды жарыялайт.
Белгилей кетсек, парламент 90 депутаттан турат. Күн мурун өткөн шайлоого карата өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси жана чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Аралыктан добуш берүү да каралып, ошондой эле 30-ноябрда белгилүү себептер менен добуш бере албагандар 29-ноябрда шайлоо тилкесинен сырткары добуш беришти.