Шайлоо: 21-абакта аралыктан добуш берүү тилкеси түзүлдү

Шайлоо 19 Ноябрь 2025 18:40
585200039_1253596863476970_2493184361915724073_n.jpg
585630122_1253597083476948_5085570994364015187_n.jpg
586039785_1253597010143622_7343082466446416148_n.jpg
584765338_1253597093476947_4608015985972766822_n.jpg
Алдыга
Артка
585200039_1253596863476970_2493184361915724073_n.jpg
585630122_1253597083476948_5085570994364015187_n.jpg
586039785_1253597010143622_7343082466446416148_n.jpg
584765338_1253597093476947_4608015985972766822_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин базасында аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо тилкеси түзүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шайлоо тилкеси мекеменин сунушун эске алуу менен, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында түзүлдү.

Шайлоо тилкеси Бишкек шаарындагы Геология чолок көчөсү, 2а дарегинде жайгашкан.

Тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүп, №21 мекеме менен биргеликте шайлоочулар арасында аралыктан добуш берүү боюнча жаңы түзүлгөн шайлоо участогу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемеси шайлоо комиссиясын жайгаштыруу үчүн жайды бөлүп берүүгө, аны үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.