Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленди. Ага улай өлкө ири саясий өнөктүккө кызуу даярдана баштады. Бул ирет Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүнүн айрым эрежелерин өзгөрттү. Ал эми Жогорку Кеңеш элди шайлоого кызуу катыштыруу чараларын талкуулап жатат. Негизги максат шайлоочулардын катышуусун максималдуу түрдө жогорулатуу жана добуштарды сатып алууга бөгөт коюу. Ал эми серепчилер алдыдагы шайлоо мурдагылардан өзгөчө экенин белгилеп, эл добуш берүүгө көөдөнү каалап өзү эле барат деген үмүттө. Болгону электораттын салмактуу бир бөлүгүн ээлеген жаштарды саясий процесстерге кызыктыруу керек.
Кыргызстандын 4 млн 385 миңден ашык жараны шайлоочу болуп эсептелинет. 2025-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоого алардын 1 млн 587 миңи гана катышкан. Ал эми чет өлкөлөрдөгү 800 миңге чукул кыргызстандыктын 26 миңи эле добуш берген. Жыйынтыкта жалпы катышуу 36,9%ды түзгөнү маалым.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандын шайлоо корпусунун болжол менен 42 пайыздан ашыгын 35 жашка чейин жаштар түзөт. Бирок алардын бийлик органдарын түзүүгө катышуусу тийиштүү деңгээлде эместиги айтылып келет. Быйыл дагы 137 миң жаран 18 жашка чыгып жатат. Алар 2027-жылдын январында өтчү президенттик шайлоого биринчи жолу катышканы турат. Боршайком шайлоочулардын катышуу пайызын жогорулатууга багытталган сунуштарды баарын карап чыгууга макул болууда. Айрымдары колдоого алынды.
Биринчиден, 2027-жылдын 27-январындагы президенттик шайлоо шаршемби күнгө белгиленди. Бул кадам элдин массалык түрдө келишин камсыз кылуу үчүн жасалууда. Негизги аргумент - канчалык көп киши шайлоого келсе, коррупциялашкан иштерге ошончолук бөгөт коюлат.
Эске салсак, буга чейинки бардык шайлоолор жекшемби күндөрү өткөрүлүп келген эле. Дем алыш күндөрү олуттуу саясий жараянды толук ишке ашырууга болбой турганын көрдүк. Жарандардын көбү добуш берүүгө барбай, эң жөнөкөй мисал, өздөрүнүн тиричилиги менен алек болуп кетишчү. Аларды шайлоо тилкелерине алып барып, добушун алуу аракети добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту колдонууга жол ачканы жашыруун эмес.
Экинчиден, алдыдагы шайлоодо эл каалаган шайлоо тилкесинен добуш берсе болот. Баткенде, Америкада же Европада жүрөбү айырмасы жок. Былтыркы шайлоодо Кыргызстандын аймактарында эки жарым миңден ашык, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Мындан сырткары, БШК аралыктан добуш берүү механизмин киргизип, мындай тилкелер ири базарларда, соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ал гана эмес Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй жана Бозымчак кендеринде да уюштурулган эле. Бул жарандардын шайлоо процесстерине катышуусуна кеңири мүмкүнчүлүк берди. Деги эле 2025-жылдагы шайлоо жаңы технологияларды натыйжалуу колдонсо болорун көрсөттү. Учурда аралыктан добуш берүүсү жана шайлоочулардын биометрикалык идентификация механизмдери өркүндөтүлүп, шайлоо тилкелериндеги онлайн трансляция тутуму жаныланууда.
Үчүнчүдөн, 2027-жылдагы президенттик шайлоого элди болушунча көп катыштыруу максатында ар кыл сунуштар түшүп жатат. Буга чейин электрондук добуш берүү ыкмасы сунушталган. Бирок кыргызстандык коомчулук буга али даяр эместиги жана добуш сатып алуу ыктымалдыгынын жогорулугу үчүн колдоо таппай келет. Ал эми шайлоочулар арасында лоторея өткөрүү кызуу талкууланып, колдоого алынууда. Министрлер кабинетине сунуш киргизилиши да мүмкүн болуп турат.
Добуш сатып алууга каршы күрөш иретинде атайын фонд түзүп, мыйзам бузуулар туурасында маалымат бергендерге сый акы берүү сунушталууда. Ошондой эле 18ге жаңы чыккан жаш жарандарды добуш берүүгө үндөө үчүн баасы 1000 сомдун тегерегинде белек берүү сунушталып жатат. Быйыл 137 миң жаран добуш берүү курагына жетсе жалпысынан 137 миң сом керек болот. Эң негизгиси, шайлоочунун добуш тилкесине келүүсү үчүн жарандык укук жана милдет, мамлекетти куруу боюнча жогорку баалуулуктардан сырткары эң жөнөкөй мотивациясы болуусу керек.
Шайлоого барган адамдар Конституцияны сыйлагандар, мамлекеттин өнүгүүсүн каалагандар. Мындай пикири менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин улуттук эксперт-консультанты Замир Айылчыев билдирди. Ал добуш тилкесинде адамдардын көп болушу, мамлекетке кайдыгер эмес адамдардын көптүгүнөн кабар берет деген пикирде.

“Чындыгында биздин жарандардын шайлоо процесстерине катышуусу өтө төмөн деңгээлде. Жалпы алып караганда 39 пайыз деле аз, 50 пайызга да жетпей калууда.
Акыркы шайлоолордо президент Садыр Жапаров ачыктыкка багыт берип, атаандаштыкка жол ачты. Андыктан укуктук жактан алганда мажбурлоого деле негиз жок. Мында бир жагдайды айта кетсем. Жаңы 18 жашка чыккан 200 миңге чукул балага мотивация катары белек берүү туура. Муну ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн. Бирок сумма сөзсүз түрдө 1000 сомдук эмес, балким 100 сомдук буюм болсо деле болот. Анын үстүнө учурда саясий процесстерге кызыккан жаштар азайып жатат. Шайлоодо адамдын көп болушу – мамлекетке кайдыгер эмес адамдардын көптүгү жана бул туура чечимге алып келе турган фактор деп ойлойм.
Добуш берүүгө кызуу катышкан өлкөлөрдө шайлоо маданияты жана билим берүү жогору. Эң эле жөнөкөй мисал катары Түркияны алалы. Мен ал жакта көп жыл жашап, билим алдым жана эмгектендим. Түрктөр шайлоо күнү жеке иштерин токтотуп, добуш берүүгө бүт үй-бүлөсүн алып майрамга баргандай барышат. Кыргызстанда да шайлоо процесстери бир адамдын кызыкчылыгы эмес жалпы майрам деп кабыл алыныш керек.
Мурда эмнеге аз келчү? Анткени ишеним жок эле, талапкерлер убадаларын аткарышкан эмес. Бүгүнкү реалдуулук башкача. Элдин өтүнүчтөрү тез аткарылып мамлекет башка нукта кетүүдө. Алдыдагы шайлоого үчүнчү күн болобу, бешинчи күн болобу, дем алыш болобу шайлоочулар келе берет деп ойлойм. Бул табигый процесс, адамдар көөдөнү каалап, ушул талапкерди шайлайм деп өздөрү эле барышат го. Анткени саясий туруктуулук бар”, - деди Замир Айылчыев.
Бул арада парламенттин спикери Марлен Маматалиев шайлоо маселесинде административдик ресурс боюнча тынчсызданууга жана ашыкча саясатташтырууга кандай негиз жок экенин айтат. Анын үстүнө үгүтчүлөрдүн саны да кыскарган. Президенттикке талапкер мурдагыдай 10 миң үгүтчүнү жалдай албайт, алардын дээрлик жарымы кыскарды. Ал эми талапкерди колдогондордун колу автоматташтырылган "Кол тамгаларды чогултуу" системасы жана "Түндүк" порталы аркылуу жүргүзүлөт. Шайлоочу “Түндүккө” кирип талапкерди колдой тургандыгын билдириши керек.