Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Сентябрь айынын башынан тарта Бишкекте жол кыймылы жанданып, унаа тыгындары көбөйгөнүн байкоого болот. Бул окуу жылынын башталышы жана шаардыктардын эс алуусунун аякташына байланышкан мезгилдик көрүнүш. Ата-энелер балдарын бала бакчаларга жана мектептерге алып барууда, жумушка каттоодо көбүнчө унаа тыгындарында туруп калышууда. Мындай кырдаалдын жаралышына эмне себеп болуп жатканын кененирээк талдап көрсөк.

Биринчиден, шаардын автопаркы инфраструктурага караганда тезирээк өсүп жатат. Акыркы жылдары Бишкекте автоунаалардын саны бир нече эсеге көбөйдү. Бишкекте 400 миңден ашык автоунаа катталганы менен иш жүзүндө андан эки эсе көп. Бишкектин көчөлөрү 350 миңге жакын автоунааны тейлөөгө эсептелген, башкача айтканда учурдагы унаалардын агымы шаардык жол тармагынын мүмкүнчүлүгүнөн 2 эсе көп.
Экинчиден, унаа токтоотуудагы башаламандык. Унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги.
Үчүнчүдөн, шаардын планы. Негизги мекемелер, кеңселер жана соода борборлору борбордо жайгашып, ошол эле көчөлөрдө унаа тыгындары пайда болууда.
Төртүнчүдөн, трафиктин начар уюштурулушу. Светофорлордун иштебей калышы, коомдук транспорт үчүн атайын тилкелердин айрым жерлерде жок болушу.
Бешинчиден, коомдук транспортко байланыштуу көйгөйлөр. Автобустардын жетишсиздиги, метро жана трамвайлардын жоктугу тургундарды жеке унааларын айдоого мажбур кылууда.

Өз кезегинде Бишкек мэриясы унаа тыгын көйгөйүн чечүү үчүн ар тараптуу чараларды көрүүдө.
2024-2030-жылдарга карата Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана транспорттук тыгындарды азайтуу концепциясы иштелип чыгып кабыл алынды. Ага кыска жана орто мөөнөттүк чаралар жана долбоорлор кирди:
- Темир жолду, курулуш көпүрөлөрүн жана маршруттарды которуу долбоору. China Road кытай корпорациясы менен жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча меморандумга кол коюлуп, темир жолду шаардын сыртына жылдыруу долбоору иштелип чыгууда. Мында Шүкүров, Ауэзов жана Жибек Жолу көчөлөрүнө үч жаңы көпүрө куруу түндүк маршруту тандалды. Андан тышкары, 8 борбордук көчөнү реконструкциялоо, 4 жаңы көчө менен 3 эстакадалык транспорттук түйүндөрдү куруу каралган.
– Сатып алынган коомдук транспорттун жалпы саны – 1500дөн ашык, анын ичинен 120сы электробус, калгандары автобустар. Алардын бары экологиялык таза отун жана электр энергиясы менен жүрөт. Автобаза, депо, заряддоо станциялары сыяктуу инфраструктураны реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Өзүнчө тарифтик категория катары экспресс-каттамдар киргизилди.

- Уюштуруу-техникалык чаралар: Жолдун 21 кесилишине автоматташтырылган "акылдуу" жол чырактарды орнотуу, алсак бүгүнкү күндө Байтик Баатыр – Медеров, Абдрахманов жана башкалар көчөлөрдө орнотулду. Белгиленген сааттарда муниципалдык жолдордо оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүн убактылуу чектөө.
- Кызматтардын сапатын көзөмөлдөө жана жогорулатуу: Бул транспорт айдоочуларына жана кызматкерлерге жол эрежесин бузгандыгы, начар тейлөөсү, жүргүнчүлөргө мамилесине көзөмөлдү күчөтүү. Азыр автобус айдоочуларынын кыймылын көзөмөлдөгөн муниципалитеттин кызматкерлерин күн сайын аялдамалардан байкоого болот. Ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдү жана валидаторлорду киргизүү чоң жетишкендик болду.
- Пилоттук жана альтернативдүү чечимдер: Бул жерде Манас проспектиси боюнча Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейинки узундугу 6 км болгон асма жолдун долбоорун белгилөөгө болот. Асма жолдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктап, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жеке автотранспортту пайдаланууда чектөөлөр боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда.

Бишкек мэриясынын транспорт жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча бардык жол оңдоо иштери план боюнча жүрүп, айрымдары белгиленген графиктен алдыда бүткөрүлүүдө. Мисалы, 10 - сентябрда Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки алты тилкелүү бөлүгүн реконструкциялоо аяктады. Эми Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу көчөсүнө чейинки жол тилкеси толугу менен ачылды.

Жолдорду реконструкциялоо менен катар "Бишкекжылуулуктармагы" мамлекеттик ишканасы тарабынан жылуулук трассалары жаңыртылып жаткандыгын белгилей кетүү керек, буга байланыштуу жол оңдоо иштерине көп убакыт талап кылынууда.
Мэрия Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктап калганын билдирди. Аталган участокто диаметри 700 мм болгон эски түтүктөр жаңы 900 мм диаметрдеги түтүктөргө алмаштырылды. Жакынкы күндөрү жолдун ачылышы күтүлүүдө.

Учурда борбордук муниципалитет төмөнкү участоктордо оңдоо иштерин жүргүзүп жатат:
- Курманжан Датка көчөсү (тротуар),
- Асаналиев Кеңешбек көчөсү,
- Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу,
- Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу,
- Калинина көчөсү: Салиев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин,
- Фучик көчөсү: Москва көчөсүнөн Аска-Ташка чейин,
- Дэн Сяопин проспектиси: Фучик көчөсүнөн Алыкул Осмонов көчөсүнө чейин,
- Л. Толстой көчөсү: Матыев көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин,
- Л. Толстой көчөсү: Ибраимов көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейин,
- Бакаев көчөсү.

Жогорудагы участоктордо реконструкциялоо жана курулуш иштери аяктагандан кийин кыймылдын интенсивдүүлүгү кыйла жакшырып, тыгындардын саны да байкаларлык азаймакчы. Убактылуу ыңгайсыздыктар болбой койбойт, бирок бул иштердин бардыгы Бишкектин тургундарынын ыңгайлуу жашоосу үчүн жасалып жатканы маалым.