Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Сеулда өткөн “Борбор Азия + Корея” саммити учурунда Кыргызстанды Борбор Азиянын Швейцариясына салыштырышты.
Президент Садыр Жапаров келген учурда алып баруучулар жана эксперттер Кыргызстандын тоолуу аймагы, кооз көлдөрү тууралуу сөз кылышты.
“Кыргызстанды Борбор Азиянын Швейцариясы деп атап жүрүшөт. Өлкөнүн аймагынын 90 пайыздан ашыгы тоолуу. Деңиз деңгээлинен 2-3 миң метр бийиктикте жайгашкан кооз көлдөрү көп.
Кыргызстанга барып келгендердин айтымында, өлкө укмуштуудай кооз жаратылышы менен өзгөчөлөнөт. Ошол эле учурда Швейцарияга салыштырмалуу кыйла арзан жана саякаттоо үчүн ыңгайлуу”, — дешти алар.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен Корея Республикасында жүрөт.