АКШнын атайын өкүлү кыргызстандыктарга визанын катаалдашынын себебин айтты

Саясат Загрузка... 04 Февраль 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-02-04 at 12.24.33.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан "В5 +1" бизнес форумунда АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү Сержио Гор АКШнын Кыргызстанга карата визалык саясаттын катаалдашканы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, АКШнын визалык саясаты Борбор Азиянын конкреттүү бир өлкөсүнө каршы багытталган эмес.

Акыркы демилгелер дүйнө жүзүндөгү 70тен ашык өлкөгө багытталган.

"Биз мыйзамсыз миграцияга каршы көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Ошондуктан коопсуздукту күчөтүү үчүн биз саясатыбызды кайра карап чыгууга аргасызбыз. АКШнын максаты - чек араларын сактоо", - деди ал.