Мыйзамсыз косметология. Бишкекте пластикалык хирург кармалды

Укук тартиби Загрузка... 01 Сентябрь 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабандалык жол менен мыйзамсыз алып өтүүгө жана сатууга байланышкан мыйзамсыз аракеттерди токтотту.

Ведомстводон билдиришкендей, Ички иштер министрлигине Telegram мессенжериндеги жабык топтор аркылуу эстетикалык медицинада колдонууга арналган сертификаты жок косметикалык каражаттар жана медициналык буюмдар мыйзамсыз сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагына бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинен тийиштүү көзөмөлдөн өтпөстөн мыйзамсыз жол менен алынып келингендиги аныкталган.

Бул факты ИИМ тарабынан катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

20-августта ИИМ кызматкерлери тарабынан 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана уруксаты жок ири партиядагы косметологиялык каражаттар табылып, алынды. Ошондой эле айрым адамдар тарабынан лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок көрсөтүлүп жаткан косметологиялык бөлмөлөр аныкталып, жоюлду.

Тергөөнүн жыйынтыгында төмөнкү жарандар кармалды: З.Р. 1979-ж.т., В.В. 1976-ж.т., Ч.О. 1976-ж.т., Н.А. 1982-ж.т., 1994-ж.т. А.З. жана 1982-ж.т. Л.В.

Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Мындан сырткары, 29-августта аталган кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарындагы пластикалык хирургия клиникаларынын биринде да тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана колдонууга уруксаты жок ири өлчөмдөгү ушул сыяктуу косметикалык каражаттар табылып, алынган.

Ошондой эле аталган клиниканын дарыгерлеринин бирине карата пластикалык операциядан жабыркаган жарандардан көптөгөн арыздар келип жатат.

Бул кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

"Ички иштер министрлиги бардык жарандарды косметологиялык кызматты тандоодо этият болууга жана адистердин расмий документтерин текшерүүгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.