Серепчи: Эл ой-пикирин социалдык тармактар аркылуу жеткирип жатат

Пикир Загрузка... 08 Апрель 2025 11:22
33875.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев "Кабар" агенттигине чакан маек куруп, анда митингдер көп уюштурулбай калган Кыргызстан жана андагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

Мурдагыдай митингдер көп болбой калган Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болду?

— Азыр замандын өзү өзгөрдү. Кыргызстанда митингдердин доору бүттү. Митинг уюштуруунун кажети да жок болуп калды. Анткени биз убагында митинг, нааразылык акцияларын, төңкөрүштөрдү көп жолу көрдүк. Эми интернеттин заманы келди. Баары өз убагында, тез эле интернет аркылуу жетүүдө. Эл ой-пикирин социалдык тармактар аркылуу жеткирип жатат. Жада калса президент өзү дагы интернетте отуруп, суроолорго ачык жооп берүүдө. Бул ыкма башка бийлик өкүлдөрү үчүн дагы иштеп, социалдык тармактар эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болууда.

Ортодогу убакытты чейин жана кийин деп бөлүүгө болобу?

— Эл өзү көрүп, байкап жатат. Бизде бешинчи президент - бешинчи республиканы курууда. Бул арада Кыргызстанда бир катар өзгөрүүлөр орун алып, жолдор оңдолуп, завод-фабрика, ооруканалар, мектеп, бала-бакчалар салынууда. Стадион, спорт залдар курулуп жатат. Бул элдин акчасы өзүнө кайтып жатканы десе болот. Өлкөдө жасалып жаткан иштер ЖМК, социалдык тармактар аркылуу элге ачык-айкын жеткирилүүдө. Албетте, оппозиция да болуш керек. Азыркы учурда оппозиция дагы өз оюн интернет, маалымат жыйындар аркылуу жеткире алат. Тагыраак айтканда, конституциялык ыкманы колдонгону жакшы болот. Ал эми элди топтоп, аянтта ызы-чуу кылган Кыргызстан үчүн таасири жок, эски нерсе. Андыктан, митинг уюштуруунун зарылчылыгы деле болбой калды. Бардык нерсени эл өзү угуп, окуп, көрүп, жаман менен жакшыны ажыратып, анализдей алат. Башкача айтканда, эл өзү тараза.