Сербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталууда: Бүгүн төрт балбан килемге чыгат

Спорт Загрузка... 20 Октябрь 2025 12:58
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 20-октябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында (U-23) дүйнө чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирдин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг салмак категорияларындагы балбандар килемге чыгат.

Кыргызстандын атынан 63 кг салмакта Куттубек Абдуразаков күч сынашат. Ал алгачкы беттешинде өзбекстандык Хусниддин Олимбоев менен таймашат.

77 кг салмакта Нурэл Дүйшөнбеков алгачкы беттешин молдован балбаны Александр Соловей менен баштайт.

87 кг салмакта Артыкбек Алымбек уулу биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалга чыгуу үчүн румын балбаны Патрик Гордан менен россиялык Заур Шангереевдин беттешүүсүнүн жеңүүчүсү менен күч сынашат.

130 кг салмакта Нурболот Токтогонов япон балбаны Аюму Ивасава менен беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.