Сентябрда 91 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди - министрлик

Коом 2 октябрь 2025 17:40
556586653_1307515614180818_1501350047337641126_n (1).jpg
556599663_1307515677514145_4397389395923402365_n.jpg
557314866_1307515634180816_8301738530960817213_n.jpg
556576674_1307515580847488_7507939090124695980_n.jpg
Алдыга
Артка
556586653_1307515614180818_1501350047337641126_n (1).jpg
556599663_1307515677514145_4397389395923402365_n.jpg
557314866_1307515634180816_8301738530960817213_n.jpg
556576674_1307515580847488_7507939090124695980_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын сентябрь айында республика боюнча 91 курулуш объектисине Техникалык корутундулар берилди жана 9 объект боюнча Атайын техникалык шарттар иштелип чыкты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, корутундулар Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан берилген.

Бул корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруштуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт.

Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфратүзүмдүк объектилерди камтыды.

Белгилей кетсек, техникалык корутунду инженерлер тарабынан имараттардын реконструкциялоосуна техникалык жактан берилген баа болуп саналат.