Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу жана мониторинг иштери улантылууда

Аймак 389 21 Май 2026 09:30
703914594_1394030999436289_2532259212670308683_n.jpg
702273405_1394030986102957_2118904900143616070_n.jpg
703967076_1394030916102964_3763159155084047_n.jpg
703977818_1394030909436298_4347757228299776659_n.jpg
703978732_1394030882769634_5148998537701413997_n.jpg
703538628_1394030952769627_5711651532154661851_n.jpg
704031963_1394030969436292_8200188232067868046_n.jpg
703009457_1394030889436300_6097158280484105647_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов Жалал-Абад облусунда сел жүргөн аймактарды кыдырып, жергиликтүү жерлердеги учурдагы абал менен таанышты.

ӨКМден билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарында, ошондой эле Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда катуу жаан-чачындын кесепетинен пайда болгон сел көрүнүштөрүнүн кесепеттери боюнча аймактар текшерилип, мониторинг жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сел коркунучун азайтууга багытталган алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылып, кооптуу деп эсептелген тилкелер өзгөчө кырдаалдар министринин туруктуу көзөмөлүндө болот.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалды тактоо, мониторинг жүргүзүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылууда.

Белгилей кетсек, 19-майда Жалал-Абад облусунда сел жүргөн.