Селден кийинки төлөмдөрдөн соң камсыздандырууга кызыгуу өстү – адис

Коом 127 14 Август 2026 12:55
5_u6PHL1z.widt.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандардын турак жайды милдеттүү камсыздандырууга болгон кызыгуусу өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын камсыздандыруу төлөмдөрү жана ордун толтуруулар башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Аттаева билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардан, анын ичинде акыркы мезгилдеги селдерден жабыркагандарга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн берилиши жарандардын кызыгуусун арттырган.

Турак жайды камсыздандыруу полисинин баасы жашаган жерге жараша болот. Айыл жеринде жылына 600 сом, камсыздандыруу жоопкерчилигинин чеги 500 миң сомго чейин жетет. Ал эми шаарларда полис 1200 сом, камсыздандыруу суммасы 1 млн сомго чейин түзөт.

"600 сом жылына ар бир адам үчүн жеткиликтүү сумма, бирок өзгөчө кырдаал болгон учурда бул олуттуу финансылык жардамга айланат", - деди Аттаева.

Турак жайды анын ээси гана эмес, ижарачы да камсыздандыра алат. Полис өрттөн, табигый кырсыктардан жана жер титирөөдөн келтирилген зыяндар боюнча мыйзамда белгиленген өлчөмдө төлөм алууга мүмкүнчүлүк берет.

Камсыздандыруу учуру катталганда жарандар алгач тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылышы керек. Мисалы, өрт болсо – өрт өчүрүү кызматына, сел жүрсө – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, катуу шамалдан зыян келсе – Кыргызгидрометтен тиешелүү маалымкат алуу зарыл.

Андан соң камсыздандыруу компаниясына билдирип, 15 күнгө чейин арыз берүү керек. Зыяндын кесепеттерин адистер келгенге чейин, адам өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралбаса, мүмкүн болушунча өзгөртпөй сактоо сунушталат.

Компания камсыздандыруу төлөмүн алуу процессинин бардык этаптарында жарандарга көмөк көрсөтөт.