Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаз айларындагы туруксуз аба ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүү тобокелдиги жогору экенин эскертет.
Адистердин айтымында, өзгөчө тоолуу аймактарда, дарыя жана сайларга жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары өзгөчө сак болушу зарыл.
ӨКМ селдин алдын алуу үчүн бир катар негизги сунуштарды берди:
- үйдүн тегерегиндеги арыктарды жана суу өтүүчү түтүктөрдү таштандыдан, ылайдан тазалаңыз;
- катуу жаан жааганда дарыя жээктерине жана сел жүрүүчү колотторго жакын барбаңыз;
- расмий билдирүүлөрдү жана аба ырайы тууралуу эскертүүлөр көңүл буруңуз;
- үй-бүлө мүчөлөрүнө кооптуу абал жаралса, кайсы тарапка эвакуациялануу керектигин алдын ала түшүндүрүңүз.
Эгерде сел жүрүү коркунучу жаралса, дароо коопсуз жайга (дөбөлөргө) чыгып, коңшуларга кабар бериңиз. Тез арада "112" бирдиктүү куткаруу кызматына чалыңыз.
"Алдын ала көрүлгөн чаралар адам өмүрүн сактап калууга жана материалдык чыгымдарды азайтууга жардам берет", – деп белгилешти ӨКМден.