Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Сел коркунучу учурунда коопсуздук эрежелерин ар бир адам билиши зарыл. Буга байланыштуу ӨКМ кызматкерлери сел коркунучу жаралганда кандай аракет кылуу керектигин түшүндүрүштү.
Өлкөдө жааган жаандын кесепетинен тоолуу аймактарда сел коркунучу күч алат.
Сел жүргөндө сизде болгону 1 мүнөт гана убакыт бар. Сел кырсыгы катталган учурда эң алгач электр жабдууларын өчүрүү керек жана өмүрүңүзгө кооптуу болгон каражаттардан алыс болуңуз.
Жаныңызга керектүү документтерди алыңыз жана дароо бийик жерге чыкканга аракет кылыңыз. Себеби, суунун агымы сиз күткөндөн да катуурак келиши мүмкүн. Жогорудагы эрежелерди сактоо өмүрдү коркунучтан коргой турганын эстен чыгарбоо керек.
Эгерде кырсык катталса, 112 бирдиктүү номерине кайрылуу кажет.