Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Эверестти багындырган белгилүү альпинист Асел Байбагышева Тажикстандын эки жогорку чокусун багындырып, Кыргызстандын альпинизм тарыхында “Ак илбирс” титулун алган алгачкы айым болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилүү болгондой, Асел Байбагышева 4-июнда Тажикстанга сапар алган. 17-июлда ал Озоди чокусуна (7105 м), ал эми 4-августта өлкөнүн эң бийик чокусу болгон Исмоили Сомони (7495 м) чокусуна ийгиликтүү чыгып, максатына жеткен.
Маалымат үчүн: "Ак илбирс" наамы - бул мурдагы СССРдин аймагында жайгашкан бардык беш жети миң метрлик чокуну багынткан альпинисттерге ыйгарылган расмий эмес, бирок абройлуу наам.
Бул жетишкендиги үчүн альпинистке өзгөчө төш белги ыйгарылат, анын расмий аталышы “СССРдин бийик тоолорун багындыруучу”. Наам альпинисттер арасында чоң сыймык катары саналат жана физикалык, руханий күчтүүлүктүн символу болуп эсептелет.