Сейсмикалык коопсуздук: Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үй текшерилди

Аймак Загрузка... 07 Июль 2026 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 07.07.2026 /Кабар/. Ош шаарындагы Спортивная көчөсүнүн 5/1 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жай техникалык текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүүнү Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы жүргүздү. Текшерүү “СК Илбирс” ЖЧКсынын кайрылуусунун негизинде, имараттын үстүнө жеңил конструкциядан террасалуу пентхаус куруу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер курулуш объектисинин техникалык абалын иликтеп, долбоордук документтерди карап чыгышты. Ошондой эле имараттын мамлекеттик курулуш ченемдерине жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына шайкештиги бааланып, негизги конструкцияларга тиешелүү техникалык өлчөөлөр жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, жыйынтыгы боюнча институт курулуш конструкцияларынын техникалык абалы жөнүндө тиешелүү корутунду даярдайт.