Саясат таануучу: Мамлекеттик сыйлыктар – жеке менчик эмес

Пикир Загрузка... 29 Декабрь 2025 15:07
575f26d74ee94da47a6c7306e6a22d58.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жана сыйлоо тууралуу тийиштүү жарлыктарды жараксыз деп таануу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул чечим Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу максатында кабыл алынды.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев "Кабар" агенттигине берген комментарийинде мамлекеттик сыйлыктар анын жеке менчиги эмес экенин белгиледи.

"Аларды мамлекет өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыйгарат", — деп баса белгиледи эксперт.

Анын айтымында, бул кырдаалдын үч негизги өңүтү бар: юридикалык, саясий жана тарыхый.

Юридикалык өңүтү — мыйзам баарына бирдей. Инсандын статусуна карабастан, мамлекеттик символдор жана сыйлыктар укуктук ченемдерге баш ийет. Бул учурда сыйлыктардан ажыратуу соттун чечимин аткарууга байланыштуу юридикалык жактан негизделген чара болуп саналат.

Саясий өңүтү — мамлекеттик сыйлыктар жеке менчик эмес экендигине басым жасалат. Алар экономиканы жана коомду өнүктүрүүгө кошкон конкреттүү салым үчүн ыйгарылат. Мамлекет тарабынан ишеним жоголгон учурда алардан ажыратылышы мүмкүн. Мындай мамиле мамлекетке жогорку кызматтагы адамдар арасында моралдык жана саясий жоопкерчилик системасын сактоого мүмкүндүк берет.

Тарыхый өңүтү — мамлекеттик институттардын репутациясын жана тарыхый эстутумду сактоо менен байланыштуу. Сыйлыктардан ажыратуу боюнча чечимдер азыркы саясий жана юридикалык абалды гана эмес, мамлекеттин мамлекеттик кызматтын этикасына жана коомдук ишенимге болгон позициясын да чагылдырат.

Ошентип, Алмазбек Атамбаевди сыйлыктардан ажыратуу кырдаалы юридикалык катуулуктун, саясий жоопкерчиликтин жана мамлекеттик символдордун тарыхый маанилүүлүгүнүн айкалышын көрсөтүп турат. Бул мамлекеттик сыйлыктар жөн гана сый-урматтын белгиси эмес, мамлекет менен жарандардын ортосундагы ишенимди калыптандыруучу курал экенин тастыктайт", - деди ал.