Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Кытайдын чыгыш жээгине Саудель тайфуну жетип, Чжэцзян провинциясынын Тайчжоу шаардык округуна сокку урду. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.
Маалыматка ылайык, тайфун жээкке чыккан учурда шамалдын ылдамдыгы секундасына 35 метрге жеткен.
Учурда табигый кырсык материктин батыш тарабын көздөй жылып, акырындык менен күчүн жоготууда. Ошол эле учурда Кытайдын чыгыш аймактарында, анын ичинде Шанхай шаарында, нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүүдө.
Жай айларында Кытайдын көпчүлүк аймактарында жаан-чачындын көлөмү көбөйөт. Тайфундар, сел жана жер көчкүлөрү өлкөдө олуттуу материалдык чыгымдарга жана адам өлүмүнө алып келген табигый кырсыктардын негизги себептеринин бири болуп саналат.