Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Норвегияда падыша Харальд каза болгондон кийин өлкөдө бир убакта эки ханыша болду. Жаңы монарх Хокондун жубайы Метте-Марит ханыша наамын алды, ал эми Харальддын жесири Соня өзүнүн наамын сактап калды. Бул тууралуу AЗЕРТАЖ маалымдады.
Падышалык үй-бүлөнүн негизги милдеттеринин бири — расмий милдеттерди бөлүштүрүү. Учурда эки ханыша тең ден соолугуна байланыштуу милдеттерин толук аткара албайт. 89 жаштагы Сонянын жүрөгүнө 2025-жылдын январында кардиостимулятор коюлуп, быйыл май айында жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Ал эми 53 жаштагы Метте-Марит июнь айында өпкө трансплантациясын өткөрүп, азыр узак мөөнөттүү калыбына келүү процессин улантууда.
Мындан тышкары, тактынын мураскери Ингрид Александра менен ханзаада Сверре Магнус учурда чет өлкөдө билим алып жатышат. Өткөн жумада падыша Харальддын карындашы, 94 жаштагы ханбийке Астрид да каза болгон. Ал акыркы жылдарга чейин расмий иш-чараларга активдүү катышып келген.
Норвегияда эки ханышанын өзгөчө мамилеси да белгиленүүдө. Соня Метте-Марит үчүн үлгү жана насаатчы катары айтылат. Король Харальд менен коштошуу аземинде эки ханыша анын табытын коштоп, кол кармашып турушкан.